Бишкек шаарындагы Чүй-Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Мадина" базарында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалым болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей өрт тууралуу билдирүү саат 22:53тө келип түшкөн.
"Азыркы тапта өрт чыккан жерге Свердлов райондук №3-АӨКБдан 2 бөлүм, саат 23:03тө Октябрь райондук №5-АӨКБдан 1 бөлүм, Свердлов райондук №7-АӨКБдан 1 бөлүм, саат 23:28де Ленин райондук №4-АӨКБдан 1 бөлүм, саат 00:10до Ленин райондук №6-АӨКБдан 1 бөлүм, саат 00:10до Ленин райондук №8-АӨКБдан АКП 1 бөлүм келген. Саат 23:28де штаб жана ӨКМнын Кризистик кырдаал башкаруу борборунан ыкчам тобу иштей баштаган. Ошондой эле ИИМдин кызматкерлери, Суу чарба башкармалыгынан 2 суу ташуучу унаа жана РЭТ кызматкерлери жеринде иштеп жатышат", - деп билдирди маалымат кызматы.
Ал эми күбөнүн айтымында, токтотулган унаалардын айынан өрт өчүрүүчү унаалар базардын ичине кире албай жатышат. Кээ бир айдоочулар унааларын өздөрү айдап кетип жатышса, айрымдарын милиция кызматкерлери атайын эвакуатор менен жылдырганга мажбур болушууда.
"Өрт уламдан-улам күчөп жатат. Токтотулган унаалардын айынан өрт өчүрүүчү унаалар контейнерлерге жакын бара албай тоскоолдук жаралууда", - деп билдирди күбө.
Ошондой эле көпчүлүк соодагерлер күйүп жаткан контейнерлерине өтүүгө аракет кылып жатканын, бирок милиция кызматкерлери аймакты курчоого алганын күбө кошумчалады.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.