Кыргыз жергесинен Тажикстанга күйүүчү майды мыйзамсыз өткөрүп жаткан Тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргыз чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 14-сентябрда Лейлек районунун Ленин айылына жакын жерде чек арадан 1 миң литр дизель майын өткөрүүгө аракет кылган 19 жаштагы Тажик жараны колго түшкөн. Ага айып пул салынып, жүк менен аймактык чек ара бөлүмүнө жеткирилди.