Бишкектин тургуну уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө алданып калды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, милицияга август айынын аягында жабырлануучу мыйзамсыз аракеттерди жасаган адамдын үстүнөн арыз менен кайрылган. Ал тааныш кишиге ишенип 9 миң АКШ доллары жана Мазда үлгүсүндөгү унаасын бергенден кийин, кайра ала албай жатканын айткан. Келип түшкөн материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

"Жогорудагы факт боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, 27 жаштагы Б.К. аттуу жаран кармалган. Кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары милиция кызматкерлери кармалган жарандын ушул сыяктуу башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nestana95
2018-09-16 03:36:58
Кыргызстан зоокур,жан жегичтердин олкосуно айланып бараткансыйт кун сайын((((((!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан