Бишкектеги Көк-Жар кичи районунда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн бир адам кулады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 15-сентябрь күнү болгон.
"Памир Строй" курулуш компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 30 метр бийиктиктен 33 жаштагы адам кулап түшкөн. Ал дароо ооруканага жеткирилген. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, ал жогоруда аталган курулуш компаниясынын жумушчусу эместиги аныкталган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - дешти милициядан.