Орусиянын Рязань облусунда ичинде Кыргыз жарандары бар кичи автобус кырсыкка кабылды. Бул тууралуу аймактык ички иштер башкармалыгына таянып, орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, окуя 16-сентябрда саат 5:30да Урал федералдык трассасында орун алган. Борбор калааны көздөй бара жаткан транспорт жолдун боюндагы электр-мамычасын сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 1 жүргүнчү каза болуп, 5 адам жаракат алган. Экөө ооруканага жеткирилип, калгандарына окуя болгон жерден биринчи жардам көрсөтүлгөн. Алдын ала версия боюнча, кичи автобустун айдоочусу унааны башкара албай калган. Учурда жүргүнчүлөрдүн аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө.