Кытайда "Мангхут" тайфунунан жабыр тарткандардын саны 350дөн ашты

Кытайда "Мангхут" тайфунунан жабыр тарткандардын саны 362ге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Кытайдын түштүк жээгинде 16-сентябрда акыркы он жылдагы эң күчтүү "Мангхут" тайфуну болуп өткөн. Катуу жааган жамгырдан түштүк жээктеги аймактардан жүздөгөн адамдар эвакуация болгон. Билим берүү мекемелери, ишканалар жабылып, миңге жакын авиарейстер токтотулган.

Тайфундун чордонунда шамалдын ылдамдыгы саатына 175 чакырымга жеткен. Шамал көп кабаттуу үйлөрдүн терезелерин талкалап, курулуп жаткан имараттарды бузган.

Буга чейин "Мангхут" тайфуну Филиппинде катталып, 59 адамдын өмүрүн алган. Көпчүлүк адамдар Кордильер административдик аймагында жана Нуэва-Виская провинциясында болгон жер көчкүдөн каза болушкан.

Кытайдагы "Мангхут" тайфуну
Кытайдагы "Мангхут" тайфуну 2
Кытайдагы "Мангхут" тайфуну 3
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
grace
2018-09-17 10:16:24
Кудайдын каарына калган арам айбан калкты жазасына алган экен.
-1
Aikaaaa
2018-09-17 11:31:39
Бул эми кырсык, андан эч кимибиз качып кутулалбайбыз. Ал биздин дин тутунганыбызга карабайт
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан