Баткенде 63 жаштагы жаран унаасы менен сууга түшүп кетип каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Фольксваген Гольф-2 үлгүсүндөгү унаанын А.У. аттуу айдоочусу 16-сентябрь күнү саат 11:13тө Баткен шаарынын Тамаша-Жай тилкесинде унааны башкара албай калып сайга түшүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу окуя катталган жерде каза болгон. Министрликтин Баткен районундагы №3 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары кырсык болгон жерге чакырылып, унааны суудан чыгарууга жардам беришкен.