"Чечме унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайынан тууганынын паспорту менен Өзбекстанга өтүүгө аракеттенген жаран кармалды

“Чечме унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайынан тууганынын паспорту менен Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчылыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-сентябрь күнү 1995-жылы туулган Б.Б. аттуу Кыргыз жараны Өзбекстанга тууганынын паспорту менен өтүүгө аракеттенген. Чек арачылар паспортту текшерүү маалында чек арадан өтүүгө аракет кылган жаран менен паспорттогу сүрөттө айырма бар экенин аныкташкан. Териштирүү иштеринин алкагында кармалган жаран паспорт 1997-жылы туулган тууганына таандык экенин билдирген. Тиешелүү документтер толтурулуп, шектүү ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан