Бишкектеги кафелердин биринде милициянын огунан жаракат алган жаран тосмо арыз жазды

Бишкектеги кафелердин биринде милициянын огунан жаракат алган жабырлануучу тосмо арыз жазды. Ал өзү да милиция кызматкери экенин SUPER.KG'ге 17-сентябрда укук коргоо органдарындагы булактар кабарлады. Бирок Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы азырынча бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда.

Буга чейин маалым болгондой, окуядан кийин милиция кызматкери өз каалоосу менен жумуштан кеткени кабарланган. Учурда окуянын чоо-жайы Бишкектин Биринчи Май райондук прокуратурасында каралып жатат. Анын жыйынтыгы менен милиция кызматкерине юридикалык баа берилет.

Аталган окуя Бишкектеги Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде 11-сентябрда түнкү саат 3:00 чамаларында орун алган. Анда ШИИББдин оперкызматкери мас абалында кафеде эс алып отурган башка жаран менен урушуп, сыртка чыкканда ага карата табелдик куралынан ок чыгарган. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми шаардык милициянын башчысы Сталбек Рахманов ок чыгарган милиция кызматкери жумуштан бошотуларын билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kairhai
2018-09-17 14:16:59
Коркутушту да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан