Кыргыз-Казак чек арасында өзүнөн 18 жаш кичүү жарандын паспорту менен чек арадан өтүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-сентябрь күнү "Каркыра-унаа жол" көзөмөл-өткөрүү бекетинин кызматкерлери башка жаранга таандык паспорт менен Казакстанга өтүүгө аракеттенген жаранды кармашкан. Документтерди текшерүү маалында 1974-жылы туулган А.К. аттуу жаран 1992-жылы туулган Б.А.уулу аттуу жаранга таандык паспортту көрсөткөн. Тиешелүү документтер толтурулуп, шектүү УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.