"Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева сүйүктүүсүн ачыкка чыгарды

"Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү, модель Жамиля Ишенбаева сүйүктүүсүн ачыкка чыгарды. Көп мырзалардын жүрөгүнө чок салган сулуу интернеттеги жеке баракчасына сүйүктүүсү менен түшкөн сүрөтүн жүктөп "Менин коргоочум, менин таянар тоом" деп жазып, "жүрөкчө" белгисин койгон.

Жамилянын сүйүктүүсү менен бирге түшкөн сүрөтүнө суктангандар аларга бакыт каалашты. Сүрөттүн алдына "Сиз жигитиңиздин жүзүн жашырбай калдыңызбы?", "Экөөңүздөр жарашыктуу түгөй экенсиздер", "Жигити экөө окшош экен" деген сыяктуу комментарийлер жазылды.

Ал эми сүйүктүүсү тууралуу бийкеч төмөнкүлөрдү билдирди: "Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүзгө бир топ убакыт болуп калды. Ал мамлекеттик кызматта иштейт, шоу-бизнес дүйнөсүнөн такыр эле алыс адам. Жадакалса социалдык тармактарда да отурбайт. Экөөбүздүн жашыбыз тең".

Ишенбаева "Супер-Инфо" гезити уюштурган сулуулар сынагында "Супер сулуу-2009" деп табылып, 7 кереметтин бири – Мисирде эс алып келген. Андан сырткары "Азиянын супер модели. Кыргызстан-2011", "Дүйнөлүк туризм сулуусу-2011", "КУУнун сулуусу-2013" сыяктуу бир нече сынактын жеңүүчүсү болууга жетишкен. Ошондой эле Жамиля Ишенбаева жарнамалык ролик, клиптерге да тартылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
tular
2018-09-17 17:41:13
ушунун эмнеси сулуу
+9
aszyma
2018-09-17 17:41:31
Мынча хуник болуп кеткен. Супер сулууну жеңгенде татынакай супсулуу болчу. Көп боюнуп алыптыр. Өтө эле.
+7
Rifle_I
2018-09-17 17:48:58
Кыздарыбызды ар кандай жолдор менен жылаңачтап алдык. Клиптерде болбой эле калыптыр. Эңкейсе турсасы көрүнөт.
Мектеп формаларына сөз жок.
+7
Paprikafm
2018-09-17 17:53:41
ХХХХХХХХ 2009 жылы аябай сулуу эле, макияжын жууп салса кандай болоор экен
+4
zhaku2017
2018-09-17 18:34:11
Жакшынакай болгон сулуу кыз экен. Озуно тартып турат экен. Жылдыздуу дагы экен.
-3
madina.87
2018-09-17 19:01:04
Сулуу дейин десем, баары эле боёкго,оозун чоңойтуп,кашына карындаш,кирпик кошулган!!!!
Жарым жылаңач.


Бактылуу бол,эмнеси болсо да.
+2
Janyjol.86
2018-09-17 20:23:29
Эмне себептен мынтип Оз суйгонун жар салышат .андан Коро тынч эле тирилигин кылып журо беришпейби бири биринчи урматтап .соссуз эле озун пиарлаш керекпи
0
Infiniti075
2018-09-17 20:31:33
Ушул кыз сулуубу? Чындыкты айтсам сулуулугу жоктугунан ар кандай косметика каражаттарын эсебине кичине кооздонуп алганго
+2
Kairat1996
2018-09-17 20:42:13
Красавица.
-3
bermet104
2018-09-18 09:48:21
Сайкалдын клибиндеги кыз ушул беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан