Бишкекте террордук актыларды даярдоо максатында жиберилди делген 21 жаштагы бала кармалды

Бишкекте террордук актыларды даярдоо максатында жиберилген эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1997-жылы туулган Б.Ш. аттуу жаран Сирия аймагындагы согушка катышып келген.

"Ал эл аралык террордук уюмдун башчыларынын тапшырмасы менен буга чейин согуштук аракеттерге катышуу үчүн Сирияга барганы аныкталды.

Бул факт боюнча "Чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга же согуштук аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү" беренеси жана "улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кармалган жаран тергөө абагына киргизилди. Териштирүү иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kairat1996
2018-09-17 20:39:16
Кыргызстанга ар кайсы ислам агымдары кирип алып робот мусулмандарды иштеп чыгып жатышат. Булар оз алдынча адамча ойлонбой, буйрукту гана аткарып, зомби болуп калгандар.
+3
J1irg
2018-09-17 21:05:05
Светтик гуманизмди кобуроок жайылтыш керек. Эл арасында билимдуу адамдар агартуу иштерин журугузуш керек. Ошондо гана жаштар молдолордун кооз суйлогон бал тилин ээрчишпейт. Бир гана гуманизмди бийик тутушат. Бул Европанын тажрыйбасы. Орто кылымда Европанын светтик гуманисттери диний карангылыкты жок кылууга чон таасир беришкен.
-3
KyrgyzstanBishkek
2018-09-17 21:14:49
Биздин УКМК ушундай кучтуу да.Жылдар бою даярдап жоноткондорун бат эле кармап алат.Же козу ачыктар аркылуу алардын ойлорун окуп турушабы.Негизи террорчуларды Ислам динине байланыштырса дуйнодо мээси бар эч ким ишенбей калган.Андан кору бугунку дуйнолук саясат башкача системаларды ойлоп табышы керек
+2
monster_high_98
2018-09-17 21:42:29
Мени кызыктырганы Сирияга барып келгендер КРда беймарал журот,ким билет балким арабызда коптур,каякты карап отурушат "элдер"???
+3
elebes86
2018-09-17 21:54:28
Мурда кыргыздар диний фанатизм, экстримизм жок эле жашачу элек. Кайдан жайдан дамбал кийгендер пайда болду, адамдар кетти бейишти корот экенбиз деп сокурларча. Уулулардан кичуулору тарбия коруп дегендей. Азыр молдолор элге акыл айтып калышты.
+1
Aikaaaa
2018-09-17 22:07:34
Өтө эле өкүнүчтүү, караңгылык деп ойлойм. Онунчу кылымдын жашоосу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан