Күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Акжол Махмудов чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып калды

Бүгүн, 17-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. Анда кыргыз спортчулары 4 салмак ченинде күч сынашып жатат.

77 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Акжол Махмудов катышып, чейрек финалда орусиялык Ислам Опиев менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө Махмудов 1 упайды атаандашынын кыймылсыздыгы үчүн алып, партерден ыкма колдоно албай упай алган жок.

2-бөлүктө орусиялык балбан Махмудовдун кыймылсыздыгы үчүн 1 упайга ээ болуп, партерден жыйынтык чыгара алган жок. Муну менен беттеш соңуна чыгып, Орусиянын балбаны акыркы болуп упай алганы үчүн жеңишке жетип, жарым финалга чыкты. Ал эми Акжол Махмудов көңүл жубатуучу раундда күч сынашып, андан соң коло медалды утуп алууга аракет көрөт.

Айта кетсек, Эрбол Бакиров чейрек финалда атаандашын утуп жарым финалга чыкса, Нуртазин Керимберди уулу чейрек финалда азербайжандык Зулфугар Алыев менен кездешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kgda
2018-09-17 18:48:17
Акжол не эле болтасын? Алган квартираны акта жок дегенде.
+5
warcaw
2018-09-17 18:55:28
77 кг салмакта күрөшө албайт экен
0
nemo2016
2018-09-17 19:07:01
бул спорт дагы коп ийгилик жаратасын конулду чоктурбо Акжол
+3
Marlen._
2018-09-17 19:12:06
Бирде женуу болот,бирде женилуу болот кийинки мелдештерине ийгилик Акжол.
+3
Aika96
2018-09-17 19:21:41
Азиядан кийин тыныгуусу жок эле кайра курошко тушуп коргулочу анан айтасынар .. Акжолго ийгиликтерди каалаймын!!! Спорт бул бизнес, утулуп берсен мынча акча берем дегендери да болот...
+3
tilek-x
2018-09-17 20:15:30
Акжол вес кууп 70те күрошсо болгудай окшойт азырынча конечно ийгилик Акжол!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан