Орусияда жол кырсыгынан каза болгон аялдын сөөгүн мекенине жиберүү аракеттери көрүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан жаракат алган алты адамдын үчөө учурда Рязань облусундагы клиникалык ооруканада дарыланууда.
“Каза болгон аялдан аты-жөнү такталган. Ал 1967-жылы туулган А.С. аттуу Кыргыз өлкөсүнүн жараны экени белгилүү болду. Учурда анын сөөгүн мекенине жиберүү аракеттери көрүлүп жатат. Ал эми жаракат алгандардын үчөө медициналык жардам алган соң башка унаа менен Москва шаарына жеткирилген”, - дешти элчиликтен.
Кечээ, 16-сентябрда Орусиянын Рязань облусунда ичинде Кыргыз жарандары бар кичи автобус кырсыкка кабылып, 6 адам жабыркап, 1 жаран каза болгондугу тууралуу орус басылмалары жазып чыгышкан.