Бишкекте концертке кетип, эки жума бою дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Кенжегүл Нарынбек кызы Ысык-Көлдөн табылды

Бишкекте концертке кетип, 2 жума бою дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Кенжегүл Нарынбек кызы Ысык-Көлдөн табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда SUPER.KG'ге анын бир тууган эжеси Алина Карымшакова билдирди.

"Сиңдим кечээ, 16-сентябрда үйгө кайтып келди, баары жакшы. Ал буга чейин Ысык-Көлдө жүрүптүр, кечээ жигитинин туугандары үйгө алып келип таштап кетишти. Алар "кызыңар балабыз менен сүйлөшүп жүрөт, бирок жашы жете элек экен. 18ге чыкканда ага сөйкө салып кетебиз" деп сүйлөшүп кетишти. Биз өзүнөн эмне кылып жүргөнүн сурасак, ал III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүүгө кеткенин, кийин жигитинин үйүнө барганын айтты. Арадан убакыт өтүп кеткендигине байланыштуу бизден коркуп, чалбай жүргөнүн билдирди. Анын үстүнө телефонун жоготуп жиберген экен. Буюрса, баары жакшы", - дейт кыздын эжеси.

Айта кетсек, Кенжегүл Нарынбек кызы 31-август күнү саат 21:30 чамасында "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан концертти көрүү үчүн кеткен бойдон кайтып келген эмес. Саат 22:50 чамасында кыздын апасы телефон чалып, маршруттук таксилер токтоп каларын эскертип, эртерээк үйгө келүүсүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Asman...
2018-09-17 20:35:51
Тообо кылдым
+5
RusMos76
2018-09-17 20:40:01
Жаштар кайда баратышат
+6
Kalemkash
2018-09-17 22:06:54
RusMos76,коргонун кылса керек макоо неме
+1
newman
2018-09-17 20:42:35
Тарбия бергендерге наалат. Кантип кыз болуп жигитинин үйүндө жүрөт? Кантип барам деген намыс жокпу эмне? Биз Кыргызстанда элебизго оо калкым. Орусия же Европа өлкөлөрүндө эмес. Жигитинин үйүндө жүрөт. Менин апам жерге кирмек кайнжурт ушинтип кызды алып келсе
+14
maks94.kb
2018-09-17 20:42:57
Жигити ХХХХХХХХХХ
+9
admin_superstan
2018-09-18 12:18:50
maks94.kb, такталбаган маалыматтарды жазууга тыюу салынат!
0
Kairat1996
2018-09-17 20:49:23
Жакшы эс алып келиптирсин. Эч ким каршы эмес. Бирок жакындарына билгизип кой. Сендей кезде мен деле далай кызды чики чики кылып конулун которчумун. Эми Турцияга чыгып кет . Кайра эле супер инфодон издеп журо беребиз. Озун деле татынакай кыз экенсин. Ким жоголсо Супер инфого кайрылгыла.
+2
Paprikafm
2018-09-17 20:52:30
Жигиттин туугандары кутулганына сүйүнүп таштап кетиптирда, эми келбейт күтпөгүлө
+19
newman
2018-09-17 20:56:02
Порталга кабар берген эжеси менин комментарийди окуйсуң сөзсүз. Билип ал, синдиңдин тарбиясына сенин да салымын бар. Бул башталышы, Али шашпагыла. Көптү көрөсүңөр
+3
J1irg
2018-09-17 21:07:31
newman,
Эмне кекетип суйлоп жатасын. Жэ эмне бул кыз сенин менчигинби. Озун кыз тороп алып анан ошону кекеткин макулбу.
-6
newman
2018-09-17 21:19:52
J1irg, макул эмесмин.
+4
kairan_ozum
2018-09-17 21:01:37
Ааа байкуш
+2
aerforce
2018-09-17 21:11:01
Аллахым биздин кыздарга ыйман берегөр
+3
admin_superstan
2018-09-18 12:24:19
newman, salah, Sagyn.91, beknur95, J1irg,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Темадан алыс билдирүүлөр өчүрүлдү!
0
kolyn
2018-09-17 21:29:18
Тентек кыз экен ХХХХХ
+1
asdef
2018-09-17 21:36:51
Айтканмын отконку санда ойноп ойноп келеп деп
+3
asdef
2018-09-17 21:37:50
asdef,минус баскансынар
+3
monster_high_98
2018-09-17 21:38:02
Уят эле болуп бутту Кыргызстанга,,,,эми бироо жоголсо эле Колго жиберет окшойбуз ошол жактан табылат деп
+1
dina
2018-09-18 00:41:44
2 жылдан кийин сойко салганы кызык экен, эми баары жакшы дегиле))
+1
nargiz94
2018-09-18 01:36:22
Сойко салабыз деп алдап эптеп кутулушуптур, эми салбайт алар кутпогуло
+2
Ayida
2018-09-18 07:51:18
Жоолукчан кыздарга асыласынар мына кыска кийинсе динден тушунук жок тарбия жок ушундай болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан