"Супара" этнокомплексинде өрт чыкты

Бүгүн 17-сентябрдан 18-сентябрга караган түнү өлкөбүздөгү "Супара" эс алуу этнокомплексинен өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына футболчу Азамат Байматов билдирди.

"Мен бүгүн эч кимге айтпай эле Индонезиядан учуп келгем. "Супара" этнокомплекси жайгашкан жактагы мейманканага бармакмын. Жолдо келе жатсам аталган эс алуучу жай өрттөнүп жатыптыр. Башында аз эле жер өрттөнгөндөй көрүнгөн. Кийин шамалдан улам өрт ал жактагы чоң боз үйгө чейин жетти. Дал ошол убакытта өрт өчүрүүчү унаа келди. Андан соң газ жарылды окшойт, айтор катуу үн чыгып, асманга оттун майда жалындары учту" деди ал.

Ошондой эле аталган эс алуучу жайда иштеген кызматкерлер өрт чыкканын тастыкташты.

Азырынча өрттүн келип чыгуу себеби боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү тарата элек.

"Супара" этнокомлексинде өрт чыкты
"Супара" этнокомлексинде өрт чыкты 2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
allanna
2018-09-18 03:53:59
Кыргызстанда эмне эле болуп жатат кафелер орттонуп эле.
0
Ali-han
2018-09-18 03:54:32
Бишкек күйүп кетмей болду го!!!
+1
Tunerbei1812
2018-09-18 06:57:11
Атайын эле орттолуп жаткансыйт.
0
Zaina
2018-09-18 07:15:27
Эмнеге
0
Zaina
2018-09-18 07:15:58
Жакында эле барып келгем, аябай суктангам кооздугуна
0
titanik32
2018-09-18 08:08:40
Ошончо чоң Россия башка кошуна өлкөлөрдө ушунчалык өрт болуп жатканын көрбөйсүн.Биздин алакандай болгон Кыргызстанда күнүгө эки үчтөн чоң өрт болуп жатат.Эмнеге мындай мынчалык өрт болуп жатат?Же атайын бирөө жарым кылып жаткандай го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан