“Супара” этнокомплексинен чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бишкектин четиндеги "Супара" этнокомплексинен чыккан өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 7 бөлүм тартылган.

Маалым болгондой, Көк-Жар айылынын Карагул-Акмат көчөсүндө жайгашкан "Супара" этнокомплексинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат министрликке түнкү саат 02:05те түшкөн. Саат 03:24тө чектөөгө алынып, 06:46да толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

Өрттүн келип чыгуу себептери жана канча аянты күйүп кеткени азырынча белгисиз.

"Супара" этнокомлексинде өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан