Кечээ, 17-сентябрда саат 17:00 чамасында Абдымомунов көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде велосипед тээп бара жаткан 17 жаштагы шаар тургунун ак түстөгү унааны башкарган белгисиз айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында айдоочу кармалган.
"Өспүрүмдү сүзүп кеткен адам 1984-жылы туулган У.С. аттуу Бишкек шаарынын тургуну болуп чыкты. Анын "Намба" фирмасынын такси айдоочусу экени да аныкталды", - деп билдирди маалымат кызматы.
Азыркы тапта унаа айып аянтчасына жеткирилип, иш Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.