Таш-Көмүрдө сууга түшүп кеткен жаран 44 күндөн бери табылбай жатат

Таш-Көмүрдө сууга түшүп кеткен жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Достук айыл аймагындагы Бачок тилкесинде 4-август күнү орун алган. Анда Нарын дарыясына 1988-жылы туулган Б.З. аттуу жаран түшүп кеткен. Ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бирок азырынча натыйжа боло элек. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тарабынан издөө иш-чаралары улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан