"Супарадагы" өрттүн келип чыгуу себеби айтылды

"Супара" этнокомплексиндеги өрт кырсыгы электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өрт кырсыгы этнокомплекстин жаңы курулуп жаткан имаратындагы ашканасынан чыккан. Өрттүн келип чыгуусунун болжолдуу себеби электр жабдууларын колдонууда өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушу. Ал эми өрттүн так себеби ӨКМнын лабораториялык текшерүүсүнүн жыйынтыгынан кийин белгилүү болот", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМнын маалыматына караганда, тартылган күчтөрдүн жардамы менен саат 03:24тө өрт чектөөгө алынып, саат 06:46да толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоо этнокомплекстин жалпы 1000 чарчы метр аянтын жалмаган, натыйжада жаңы ашкана жана 6 боз үй күйүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rahat84
2018-09-18 13:58:37
Чол болуп турган жерди гулдоткон Табылды аганын кайран гана эмгеги. Эми тезинен калыбына келтиришсе болгону.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан