Караколдогу базардан чыккан өрттөн 8 контейнер ичиндеги товарлары менен кошо күйүп кетти

18-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарынан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 00:20да чектөөгө алынып, 02:10до толук өчүрүлгөнүн кабарлады.

Маалым болгондой, тилсиз жоо базардын 836 чарчы метр аянтын жалмап кеткен. Тактап айтканда, 8 контейнер ичиндеги кийим-кече жана азык-түлүк товарлары менен кошо күйгөн.

Учурда келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан улам келип чыккан. Аны өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан