Бүгүн, 3-июлда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда жаштар жана чеберлер арасында өтүүчү оор атлетика боюнча Азия чемпиондугунун ачылыш аземи болуп өттү. Анда мелдешке катышуучу Түштүк Корея, Кытай, Япония, Тажикстан, Индия, Казакстан, Монголия, Таиланд, Сирия, Тайвань, Өзбекстан, Ирак жана Кувейт мамлекеттеринен келген спортчулар эл алдында тааныштырылды. Мелдеш КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралиновдун сөзү менен ачык деп жарыяланды. Андан соң КРнын Оор атлетика федерациясынын президенти Ахматбек Келдибеков сөз сүйлөдү. Ачылыш аземинин акыркы мүнөттөрү жергиликтүү ырчы, бийчилердин чакан шоу-программасына бөлүндү. Эске салсак, мелдеш 8-июлга чейин созулат. Ага Азия чөлкөмүнөн 14 мамлекеттин 100дөн ашуун спортчусу катышмакчы. Алдын ала белгилүү болгондой, Кыргызстандын намысын 10 спортчу коргойт.