Ноокат районунда мас абалында 6 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган жаран 20 жылга эркинен ажыратылды

Ноокат районунда мас абалында 6 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган жаран 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын кылмыш жана жарандык сот иштерин өндүрүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эльмира Жумашова билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2017-жылы 30-ноябрь күнү болжол менен саат 10:30 чамасында болгон. Анда 6 жашар кызды мектепке бара жаткан жеринен Байыш айылынын 42 жаштагы Сапарбек Калил уулу аттуу тургуну мас абалында зордуктоого аракет кылган. Ал кызды ээн жерге алып барып чечинтип, анын каршылыгына карабастан зордуктоо аракетин көргөн. Ошол учурда айыл тургундары кыйкырып жаткан кызга жардамга келип, милиция кызматкерлерин чакырышкан.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Ноокат райондук сотунун чечими менен С.Калил уулу 20 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абагында өтөөсүн белгилеген. Айыпталуучу ага карата чыккан соттун чечимине каршы экенин билдирип, облустук сотко кайрылган. Облустук сот ишти карап чыгып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Respect.
2018-09-18 19:59:04
Айбан неңдурайын, түрмөдө зектерге катын болуп өлсөң экен..
+5
Jasa
2018-09-18 20:05:56
Ноокаттын атын чыгарып балээ болушту,байкуш кызга психикалык жактан удар болду ,апасы жакшы психологдорго корсотбосо болбойт
+6
Samar90
2018-09-18 21:07:00
Азырак емеспи 20 жыл
+2
didu
2018-09-18 21:22:50
зектер озуноо окшогондорго ишти кылдырат
+1
Jin1209
2018-09-18 22:24:39
Арак жакшы ишке алып барбаайт.Ноокаттыг алтын булгаган айбан.
+1
HanTegin
2018-09-19 14:03:06
6 жаштагы кыз наристе да. Айбан десе. Деги наристелер кордук корбосунчу. Балдар оздоруно тиешелуу балалык доорун бактылуу откорсо экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан