Бишкек шаарында кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, айдоочу жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ю.Фучик көчөсүндө орун алган. Анда Форд Транзит үлгүсүндөгү кичи автобус менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Катуу соккудан улам кичи автобус оодарылып кетип, айдоочусу жаракат алып ооруканага жеткирилди.
Унаалар айып пул төлөөчү жайга жеткирилип, бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.