Бүгүн, 4-июлда кыргызстандык кикбоксчулар Түштүк Кореянын Инчхоне шаарында жабык имарат ичинде өтүп жаткан Азия оюндарынын жарым финалында атаандашат. Белгилүү болгондой, кыргыз боксчусу Уланбек Касымбеков 57 килограмм салмакка чейинкилер арасындагы Full Contact категориясында жарым финалга чыккан. Ал жарым чейрек финалда кореялык атаандашын 3:0 эсебинде жеңген. Андан соң чейрек финалда ушундай эле жыйынтык менен Өзбекстандын спортчусун уткан. Эми финалга чыгуу үчүн Касымбеков Иорданиядан келген кикбоксчу менен күч сынашмакчы. Эске салсак, бүгүн ушул эле категориянын 71 килограмм салмакка чейинкилер арасындагы беттеште дагы бир кыргызстандык спортчу Сталбек Дарканбаев чейрек финалга чыгып, ирактык кикбоксчу менен атаандашат.