Аламүдүн районунда жалгыз жүрүп адашып кеткен 2 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн айылында жүргүзүлгөн рейддин алкагында көчөдө жалгыз жүргөн 2 жаштагы бала табылган. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин негизинде 3 саатта баланын жашаган жери аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан анын ата-энеси табылган. Ал 1983-жылы туулган Т.Т. аттуу атасына жана 1986-жылы туулган К.Р. аттуу апасына өткөрүп берилип, профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлгөн.