Уруш түрүндөгү самбо боюнча өткөн Азия чемпиондугунда Ош шаарынан 3 спортчу ийгилик жаратты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын Сеул шаарында 31-майдан 3-июлга чейин өткөн мелдешке 14 мамлекеттин спортчулары катышкан. Уруш түрүндөгү самбо боюнча 82 килограмм салмактагылар арасында Самат Жаныбек уулу алтын медалга ээ болсо, Максат Мусабаев күмүш медаль алган, ал эми Асыл Үмөталиев коло медалга ээ болгон.