Аксы районунда мал кайтарып жүрүп сууга түшүп кеткен 12 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында Кызыл-Жар айыл аймагындагы Кум айылында 12 жаштагы О.уулу.Р. аттуу бала мал кайтарып жүрүп Нарын дарыясына түшүп кеткен. Кечээ, 19-сентябрда куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, саат 12:45те баланын жансыз денеси суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.