Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 25 өрт кырсыгы катталып, Ысык-Ата районунда сарайдын чатыры күйүп кетти

Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 25 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 7, Ош облусунда 4, Ош шаарында 1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абадда 3, Ысык-Көл облусунда 5 өрт кырсыгы катталган.

Мындан тышкары Ысык-Ата районуна караштуу Төмөнкү-Серофимовка айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталган. Анда короодогу сарайдын 80 чарчы метр чатыры, 30 түк чөп жана тезектер күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
02.10.93N
2018-09-20 15:18:37
Тилсиз жоодон Кудайым сактасын ар бирибизди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан