Баткенде жогорку окуу жайга 56 студент окууга мыйзамсыз алынган. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2017-жылы Баткен мамлекеттик университетинин мурунку ректору Г.М. аттуу жаран, окуу жайдын бир катар кызматкерлери, Кызыл-Кыя шаарындагы колледждин директору жана Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей-комплексинин директору жарандар менен биргеликте жасалма документтер аркылуу БатМУнун жогорку курстарына студенттерди окууга киргизгендиги аныкталган. Мындай схема аркылуу жалпы 56 студент окууга кабыл алынган. Бул факт боюнча 3 кылмыш иши козголгон.
Баткен райондук соту бул ишти карап чыгып 6 мугалимге жана бир жаранды күнөөлүү деп таап, шарттуу түрдө 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратты. Дагы 3 жаранга карата козголгон кылмыш иштери эскирүү мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу токтотулган. Ошондой эле соттун чечими менен 39 студенттин жогорку билимдүүлүгү тууралуу дипломдору жокко чыгарылды.