"Манас" аэропортунан Стамбулдан жасалма паспорт менен учуп келген Кыргыз жараны кармалды

"Манас" аэропортунда Стамбулдан жасалма паспорт менен учуп келген Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунан Стамбул-Бишкек 702-рейси менен учуп келген жарандарга паспорттук көзөмөл жүргүзүү учурунда, чек ара кызматкерлери бир жарандын паспорттогу сүрөтү алмаштырылганын аныкташкан. Териштирүү иштеринин алкагында паспорттогу сүрөтү алмаштырылган жаран 1971-жылы туулган Ж.И. экени аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалган жаран Кыргыз Республикасынын УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан