Бүгүн, 4-июлда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Мрамор айылынын тургундары Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүшүүдө. Айылдын 40-50дөй жашоочусу борбодун эски аянтындагы өкмөт үйүнүн алдына “Интерсоюз” жеке ишканасына мыйзамсыз жол менен берилген көлдү кайтарып алуу талабы менен турушат. Чогулгандар көл суусун сугат иштерине пайдаланып келишкен, бирок көл жеке менчик ишканага өтүп кеткендиктен тургундар бул мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышкан. Айылдыктар мындан сырткары жол жана электр энергиясы боюнча маселелерди да айтышууда. Алар талаптары аткарылбаса “Манас” аэропортуна барчу жолду тосушарын билдиришүүдө.