Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жүгөрү талаасында автоматчан жашынып жүргөн кылмышкерди кармоо операциясы жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда SUPER.KG'ге Ош ОИИБинин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 14:00 чамасында милицияга "издөөдө жүргөн кылмышкерди Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк" деген билдирүү түшкөн. Аталган аймакка милиция кызматкерлери барганда издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаев автоматтан ок чыгарам деп коркутуп изин суутуп кеткен.
"Кылмышкер 2017-жылы декабрь айында Казакстандагы абактан качып чыгып, кийин Кыргыз жеринин аймагында жашырынып жүргөн. Милиция кызматкерлери аны кармоого барганда ал автоматтан аткылайым деп коркуткан. Жанында дагы эки адам болгон, алар унаасына отуруп изин суутуп кеткен. Кылмышкер Кара-Суу району менен Ош шаары чектешкен аймактагы жүгөрү талаасында бекинүүдө. Учурда аймак курчоого алынып, тиешелүү кызматтар иш алып барууда", - деп билдирди Ашырбаев.
Эске салсак, Ж.Б. өткөн жылы чек араны мыйзамсыз кесип өттү делип Казакстандын аймагынан кармалган. Чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн сот Жылдызбек Бекмурзаевди 6 айга эркинен ажыраткан, бирок ал камактан качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган.