Кара-Сууда автоматчан кылмышкер 40 гектар аянттагы орула элек жүгөрүнүн арасында жашынып жатканы айтылды

Кара-Суу районунда жүгөрү талаасында автомат менен жашынып жүргөн кылмышкерди кармоо операциясы улантылууда. Азырынча кылмышкерди издөө иштери натыйжа бере элек. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда SUPER.KG'ге Ош ОИИБинин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

"Кылмышкер эки шериги менен жүгөрү тааласында бекинүүдө. Жүгөрү талаасынын аймагы 40 гектарды ээлегендиктен жана жүгөрү орула электигине байланыштуу ыңгайсыздыктар жаралууда. Кылмышкер бекинген аймак толугу менен курчоодо турат", - дейт Ашырбаев.

Айта кетсек, бүгүн саат 14:00 чамасында милицияга "издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаевди Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк" деген билдирүү түшкөн. Аталган аймакка милиция кызматкерлери барганда издөөдө жүргөн кылмышкер автоматтан ок чыгарам деп коркутуп изин суутуп кеткен.

Эске салсак, Ж.Б. өткөн жылы чек араны мыйзамсыз кесип өттү делип Казакстандын аймагынан кармалган. Чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн сот Жылдызбек Бекмурзаевди 6 айга эркинен ажыраткан, бирок ал камактан качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
bond02
2018-09-20 22:21:11
Автомат оюнчук болуп чыгат эми.
+2
NURTILEK_KG
2018-09-20 22:42:01
Оруп чыккыла да анда жугоруну ошондо да табылбаса керек
+3
ailin8818
2018-09-20 22:56:30
Бул жон эле кыдымышкерлер эмес чек араны мыйзамсыз кесип откон,булар оор кылымыш иштери бар адамдар адам олтууруу,угон ж.б
+1
Samar90
2018-09-20 23:04:38
Тиг учак менен караш керек бирок бизде жок жэ болсо да мотору кармаган
+2
almanbetperm
2018-09-20 23:12:56
Анан не мака жейт деп атып салбагыла
+8
Elaman_Arypov
2018-09-20 23:41:45
Аэросьемка мн текшерип көргүлө
+1
Taalai94
2018-09-21 00:29:53
40 гектар жугору дейби
-1
MAN-CITY
2018-09-21 01:05:15
Тепловизор деген жокпу биздин органдагыларда?
0
Romantik.
2018-09-21 01:26:32
Ит менен текшеришсе эле чыгат))
+3
titanik32
2018-09-21 01:47:18
Түнү карангыда мака ууруга барган киши болуп калп эле,эки мешок алып алып мака кайыргыла.Капыстан тигилер чыга калса жардамдашкыла деп,ошентип кармап алсаңар болот.
+2
Bayazet
2018-09-21 01:50:03
Дрон деген нерсе болчулего Ошо менен караш керек
+4
nurik-jami
2018-09-21 02:19:29
Бул отконку Саляновдун олумуно шектуу болсо керек эле.
-1
ikitaidesu
2018-09-21 04:07:41
Издөө иштери натыйжа бере элек дебей, дрон менен карагыла... Эгер ал профессионал болсо анда уже качып кетти.
+1
Abdizhapar
2018-09-21 04:41:51
Дрон менен карагыла
+1
Asyl10
2018-09-21 14:45:28
Качып кетти да уже,отурмак беле жугору жеп туну менен,кечээ эле жугору талаасына эле 6-7 овчарканы агытып жиберсе таап чыгышмак да.Оздорундо дрон жок болсо, кылмышкерди кармоо учун деп ижарага албайбы той тарткандардан, алар деле акысыз иштетип беришмек. Жон гана шылтоо, анда бардык эле кылмышкерлер жугорунун ичинде жата беришпейби. Тообоо кылмышкерден коркуп,жугоруну айланчыктап жургон менттерди биринчи угушум.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан