ЖЫЛНААМА, 21-СЕНТЯБРЬ: 19 жыл мурун Тайванда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, 2000ден ашуун адамдын өмүрү кыйылган

Мындан 19 жыл мурун, 1999-жылдын 21-сентябрында жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 01:47 чамасында Тайвандын Цзицзи шаарында күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын кесепетинен 2 миң 415 адам каза болуп, 11 миңден ашуун адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Ошондой эле 29 киши дайынсыз жоголгон. 100 миңден ашуун адам үй-жайсыз калган.

Бул зилзала Тайвандын тарыхындагы эң күчтүү жер титирөөнүн экинчиси болуп калды. Жалпы материалдык чыгым 10 миллиард долларды түзгөн.

21-сентябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан