Бишкектеги медициналык колледждин директору 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
"Ушул жылдын 10-сентябрында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына А.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жаран арызында Бишкектеги медициналык колледждердин биринин директоруна абитуриентти окууга өткөрүү үчүн 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын бергендигин жана дагы 25 миң сом пара талап кылганын билдирип, тиешелүү чара көрүүнү суранган. Арыздын негизинде кылмыш иши козголуп, 12-сентябрда медициналык окуу жайдын жетекчиси Р.Н. аттуу жаран 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Каржы полициясы шек жараткан сунуштарга макул болуп, пара бербөөгө чакырат. Кандайдыр бир кызматкерлер пара талап кылса, токтоосуз 1955 кыска номерине же 0312 32-30-91, 0312 32-37-07 номерлерине кабарлоону сунуш кылат.