Биз социалдык тармакта

Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелген жарандын иши сотко өттү

Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелген жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда SUPER.KG`ге Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сокулукта 10-июль күнү 10 жаштагы өспүрүм кыз белгисиз адам тарабынан зордукталган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 20-июль күнү кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 35 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну кармалган. Бул боюнча Сокулук РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш ишин козгогон.

"Окуя боюнча териштирүү иштери аягына чыгып, тергөө амалдары бүттү. Сентябрь айынын башында иш сотко өткөрүлдү", - деп билдиришти облустук башкармалыктан.

Айта кетсек, Сокулукта 10 жаштагы өспүрүм кыз белгисиз адам тарабынан зордукталган. Милициянын маалыматына ылайык, окуя 10-июлда Сокулуктун борбордук базарында саат 14:00дөр чамасында болгон. Шектүүнү аныктоо үчүн жабырлануучу жана анын мыйзамдуу өкүлү катышып, кармалган адам кылмышты моюнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nanei
2018-09-21 19:37:48
Зордуктаганбы же аракет кылганбы??? Неге кыргызда ушцндай зордукчулар кобойду??? Бала чака,чал кемпир,ит мышыка чейин зопдуктай башташтыго. Балее заман болду
+2
Rysik17
2018-09-21 21:30:11
Тооба кылдым, эх замана эмне болуп баратат?! Адамзат эмес айбанзат болдукго
+2
patiydin
2018-09-22 06:24:50
Нарынданда Бир асман тустуууу жаралыптырда......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан