Өзгөн районун Кароол айылында эки унаа сүзүшүп кетип, бири күйүп кетти. Анын кесепетинен айдоочулардын бири каза болуп калганын SUPER.KG'ге Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев кабарлады. Анын айтымында, кырсык 22-сентябрь күнү саат 22:25 чамасында катталган.
"Чоң-Алай районунун 31 жаштагы тургуну жүк ташыган Mersedes Benz унаасы менен баратканда артынан Ford Mondeo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу келип катуу сүзүп алган. Натыйжада жеңил унаадан өрт чыгып, айдоочусу каза болгон. Айдоочу эмнеден улам каза болгону азырынча белгисиз. Алган жаракатынан улам же күйүп кетип каза болгону экспертизанын жыйынтыгынан кийин билинет. Азыр соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Теңизбаев.