Ырчы Турдакун Ниязалиев төртүнчү ирет наристелүү болду

Эстрада ырчысы Турдакун Ниязалиев төртүнчү ирет ата болду. Уулдуу болуп маңдайы жарыла кубанган ырчы SUPER.KG порталына буларды билдирди.

"Үйүбүздө дагы бир наристе үнү жаңырып, баарыбыз кубанып жатабыз. Келинчегим кечээ, 23-сентябрь күнү борбордогу төрөтканалардын биринде төртүнчү наристебизди жарыкка алып келди. Буга чейин 1 уул, 2 кыздуу болгонбуз. Негизи эле биздин туугандардын арасында эркек балдар аз. Жубайым кош бойлуу экенин укканда ата-энем дагы уул бала болсо экен деп аябай тилек кылышкан. Кудай буюруп, уулдуу болдук. Ысым коё элекпиз, бирок Халиб деген атты коюуну ойлонуп жатабыз. Учурда эне-баланын абалы жакшы", - дейт ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Nazka29.07.91.
2018-09-24 09:08:44
Омуру узун бактылууу балдардан болсун
+2
Nurzada_0111
2018-09-24 09:09:30
Омуру менен болсун!
+2
Gulnyr19
2018-09-24 09:15:43
Бешик бооңор бек болсун
+2
Umakg
2018-09-24 09:35:52
Бизгеда насип кылсын
+4
altyn2015
2018-09-24 10:09:07
Бешик боонор бек болсун!
+1
J1irg
2018-09-24 10:22:29
Хиджабчан келин жаккан жок. А так базар жок болсун. Хиджаб арабтардын кадаа салты, урп адатына тийиштуу болуп жатса, биздин кыздар жабышып алдынар го. Ишенип журокто гана болот. Сырткы кебетени озгортуу аркылуу ишенем деген туура эмес.
-11
elebes86
2018-09-24 10:49:14
Эркиндике жете алышпай жургон Арабтырдын аялдары хиджабтан кутула албай журушсо биздикилер ошол жака качышат экен. Арабтардын каада салты арабтардын озуно эле буюрсун.
-5
Haanykeeim
2018-09-25 07:31:44
elebes86,хиджаб кийүү бул авратты жабуу деген.тушунук болбосо бекер сиздерге айтуу.
0
Benazir08
2018-09-24 11:02:46
Жакшы жакшы уулунуз элдин эр азаматы болсун. Омуру мн берген болсун. Бирок Халиб деп биротоло арабташбай жакшына эле бираз Кыргызчарак койсонуз болмок атын. Мисалы туркчо тажикче озбекче мусулманга ылайык аттар бар а биздин деле мусулманча кыргызча аттар бар да..... Эми илгеркиндей Аттокур, Кылыч дебестен маселен- Кыргыз тил майрамы куну торолуптур Кыргызбай, Эрмат, Урмат, Улан, Темирбек, Эркин, Чынгыз атабыздай деп коп го ойлонуп ниет кылып койсо
+2
aydinnur
2018-09-24 11:30:57
Бешик боосу бек болсун! Бирок атын кыргызча эле кой..
+2
Aikaaaa
2018-09-24 20:55:45
Эмнеге чын эле кыргызча ат коюшпайт. Ким кайсы улуттан экенин атынан билинет. Кийин ким, кайсы экени билинбей калса керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан