Бүгүн, 24-сентябрда ырчы Курал Чокоев бойдокчулук менен коштошту. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүн сүйүктүүм Жанараны алып кетүү үчүн Чолпон-Ата шаарына келдик. Бул жакта кыз узатуу тою болот. Андан соң Бишкекке жол тартабыз. Ал эми үлпөт тойду качан өткөрө турганыбыз азырынча белгисиз. Биринчи кыз узатуу тоюн жакшылап өткөрүп алалы, калганын чогуу ойлонуп, анан чечебиз", - дейт ырчы.
Айта кетсек, ырчынын сүйүктүүсү 27 жашта. Түгөйлөр Ысык-Көлдө эс алуу учурунда таанышкан. Курал Чокоев жайында сүйүктүүсү менен чогуу Түркияда эс алып, ошол жактан колун сураган.