Криштиану Роналду бүгүн өтө турган ФИФАнын жылдын мыктыларын сыйлоо аземине катышпайт

Бүгүн, 24-сентябрда Лондон шаарында ФИФАнын жылдын мыктыларын сыйлоо аземи өтөт. Ага Криштиану Роналду катышпайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аземге катышпоого 26-сентябрда Италия чемпиондугунун алкагында өтө турган "Болонья" клубуна каршы оюн себеп болгон. 2 күндөн кийин орун ала турган оюнга толук даяр болуу үчүн "Ювентустун" чабуулчусу сыйлык тапшыруу салтанатына барбоону туура көргөн. Айта кетсек, бир нече күн мурда УЕФАнын жыл мыктыларын сыйлоо аземине да Криштиану Роналду катышкан эмес.

Ал эми "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси жыл мыктыларынын алдыңкы үчтүгүнө кирбей калганына карабай аземге катышары күтүлүүдө. Дүйнө чемпиондугунда Мессинин Нигерияга киргизген голу "мыкты гол" наамына ат салышууда.

Белгилей кетсек, ФИФАнын "мыкты оюнчу" наамы үчүн Роналду менен биргеликте "Ливерпулдун" чабуулчусу Мохаммед Салах, "Реалдын" жарым коргоочусу Лука Модрич ат салышууда.

Бүгүн ФИФА жыл мыктыларын аныктайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Romantik.
2018-09-24 13:41:50
Модрич алат бир болсо
+4
Azat.97
2018-09-24 13:53:18
Мессинин Нигерияга киргизген голу кооз деле болгон эмес
+2
Realtilia
2018-09-24 14:12:55
Алтын топту албарын алдын ала дагы укканго
-3
Makkambaev97
2018-09-24 14:24:53
Прямой качан көрсөк болот
+2
Syimyk.isaev
2018-09-24 14:40:23
Мыкты оюнчу наамына Роналду татыктуу,бирок Модрич созсуз алыш керек!
+1
mr.ulan89
2018-09-24 19:12:27
Роналду легенда бирок Модричке кезек келди алыш керек дүйнөлүктө өзүн жакшы көрсөттү
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан