Талас облусунда бычакталган 25 жаштагы келинди өлтүргөнгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Шектүү жаран кармалып, Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнө алып келинүүдө. Шектүүнүн ким экендиги жана окуя тууралуу маалымат алгачкы сурактан кийин гана белгилүү болот. Кошумча маалыматтар дагы да берилет", - деди маалымат катчы.
Эске салсак, 23-сентябрда Талас облусунда 25 жаштагы келин бычакталып каза болгон. Анын артында үч баласы калды.