Улуттук китепканада сүрөт тартуу боюнча окуучулар арасында сынак өтүп, 29 бала белекке ээ болду

Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада "Мен Москваны сүйөм" деген аталыштагы сүрөт тартуу боюнча сынак өттү. Сынак окуучулар арасында өтүп, ага баш калаада окуган 200 окуучу катышкан. Иш-чара аталган китепкана менен Бишкектеги "Москва үйүнүн" маданий-ишмердик борбору тарабынан уюштурулган.

Сынакка балдар жаш курагына карата 3 категорияда тандап алынган. Соңунда ар бир категориядан 1-2-3-орундун ээлери тандап алынып, диплом жана сүрөт тартууга керектүү болгон курал-жарактар тапшырылды. Мындан тышкары мыкты эмгекти жараткан дагы 20 окуучу кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болду.

Сүрөт сынагы - балдардын башка өлкөлөрдү, анын борбор шаарларын үйрөнүүгө үндөө жана кыргыз элинин башка улуттар менен ынтымагын бекемдөө болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан