5 ай мурун Бишкек-Торугарт унаа жолунун Токмок шаарына жакын жеринен киши колдуу болуп каза болгон жарандын өлүмүнүн бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматы 25-сентябрда билдирди. Маалым болгондой, анын өлүмүнө шектүү катары Токмок шаардык милиция кызматкерлери тарабынан Чүй районунун тургуну кармалды.
Облустук милициянын маалыматына караганда, ушул жылдын 7-апрелинде Токмок ШИИБине Бишкек-Торугарт жолунан эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Шаардык милиция кызматкерлери айтылган жерден болжолдуу түрдө 40-45 жаштагы азиат түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денесин көрүп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Ал эми маркум бир күн мурун дайынсыз болуп, изделип жаткан Бишкек шаарынын 37 жаштагы Л.В. аттуу тургуну болуп чыккан.
"Факты боюнча ошол учурда Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Анын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү аныкталып, 13-сентябрда Чүй районунундагы айылдардын биринин 28 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну кармалган. Азыр ал Токмок ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалды. Алдын ала айтылган болжолдуу маалыматтарга караганда, экөө спирт ичимдигин ичкенден кийин уруша кетип, бири экинчисин өлтүрүп койгон. Учурда тергөө тобу кылмыштын так себебин аныктоо үчүн тергөөнү улантууда", - деп билдиришти милициядан.