Бишкекте айдоочу жол четиндеги унаа токтотуучу жайдын кызматкерин сабап салды. Окуянын видеосу бүгүн, 25-сентябрда SUPER.KG'нин "ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө жүктөлдү. Күбөнүн айтымында, окуя бүгүн саат 15:00 чамасында "Мега Комфорт" соода борборунун жанында орун алган. Анда Mecedes-Benz үгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаадан чыгып келип, жол четиндеги унаа токтотуучу жайдын болжолдуу түрдө 60-65 жаштагы кызматкерин 4-5 жолу уруп жиберген.