Америкалык актёр, режиссёр, продюсер Билл Косби зордуктоого айыпталып абакка отурду. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Билл Косби 2004-жылы кылган иши үчүн 14 жылдан кийин айыпталган. Тагыраагы, бир нече кыз-келиндер актёрдун үстүнөн арызданып, аларга уктатуучу дары каражаттарын берип зордуктаганын айтып чыгышкан. Бул дооматтардын ичинен 44 жаштагы Андреа Констанддын арызы каралып, ушул жылдын апрель айынан тарта Билл Косби үй камагына алынган. Териштирүү иштеринин натыйжасында актёрдун күнөөсү аныкталып, сот айыпталуучуну абакка камоо чечимин чыгарды.
81 жаштагы актёр жазасын Пенсильвания штатындагы абактан 3 жылдан 10 жылга чейин өтөйт.
Маалымат үчүн: Билл Косби 1937-жылы 12-июлда АКШнын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында төрөлгөн. Стендап комедия боюнча бир нече шоуну негиздеп, куудул катары таанылган. Андан кийин тасмаларда роль жаратып "Мен - тыңчы" тасмасы аркылуу атактуулугу арткан.