Бишкекте айдоочу тарабынан ур-токмокко алынган унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкеринен арыз түшкөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы Мира Абдылдаева билдирди.
"Кечээ унаа токтотуучу жайлардын биринен айдоочу тарабынан сабалган кызматкер милицияга арыз менен кайрылган эмес. Учурда ал кызматкердин аты-жөнү такталып, аймактык тескөөчү тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдирди Абдылдаева.
Бул видео интернетке аз убакыттын ичинде жайылып, айдоочунун жоругу кескин сындалууда. Анда жазылган билдирүүгө ылайык, борбордогу базарлардын биринин жанындагы унаа токтотуучу жайда айдоочу улгайган жумушчуну сүзүп алган. Интернет колдонуучулар улгайган кишини ур-токмокко алган айдоочуну жоопко тартууну талап кылышкан.