"Супер хитке" таттуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын "Бакытымсың" чыгармасы кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы видеоклип толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна таттуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын "Бакытымсың" ыры толуктады.

"Асел экөөбүз баш кошкондон кийин чогуу ырдайлы деп ушул чыгарманы дуэт аткардык. Бул ыр жубайым экөөбүздүн алгачкы ирет чогуу аткарган чыгармабыз. Ырдын сөзү Жаңылай Кекеевага, обону Эдил Маматовго таандык. Ал эми клип Бишкек шаарында эле тартылган. Клип тартууда атайын эффекттер көп колдонулган. Биздин ырыбыз угармандарга жагып жатканына кубанычтамын", - деди ырчы Нурлан Насип.

19-СЕНТЯБРДАН 26-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Жоодарбешимдин "Унутам" видеокомпозициясы эң аз добушка ээ болуп сынактан четтетилди.

9-орун - Расул Маматкуловдун "Көрүшкөнчө" чыгармасына буюрган.

8-орунду - 60`К тобу, Айя Садырованын аткаруусундагы "Келчи, гүлүм" аталышындагы клиби ээлеген.

7-орунда - Айдин Шердин "Толкундайм" видеокомпозициясы жайгашкан.

6-орун - Мээрим Карыпова менен Таалай Иманкуловдун "Айтсаң боло" чыгармасына буюрган.

5-орун - Айдана Деканын "Жигитке" видеокомпозициясы эки баскычка төмөндөгөн.

4-орунда - Кайрат Примбердиев менен Бегиштин аткаруусундагы "Барам кечинде" чыгармасы жайгашкан.

3-орун - Ильяз Абдыразаковдун "Ай, жеңеке" клиби алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орунду - Жийдеш Идирисованын "Наринай" видеокомпозициясы ээлеген.

1-орун - Мурунку аптада жаңыдан тизмеге кошулган Арсендин "Арнадым сага" клиби эң көп добушка ээ болуп, бул аптанын жеңүүчүсү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан