Австралиялык актёр Крис Хемсворт аянты аэропорттой жерди ээлеген хан сарай салууда

Австралиялык актёр Крис Хемсворт менен жубайы, испаниялык модель Эльза Патаки аянты аэропорттой жерди ээлеген хан сарай салууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, салынып жаткан хан сарай Австралиянын Байрон-Бее шаарында орун алган. Ага болжол менен 8 миллион доллар чыгым кетет. Интернетте жарыяланган сүрөттөн көргөндөй, үйдүн аянты өтө эле чоң, бирок канча гектарды түзө турганы ачык айтылган эмес. Мындан улам көпчүлүк алгач бул жерге аэропорт, соода түйүн же болбосо кандайдыр бир завод курулуп жатат деп ойлошкон.

Сүрөт тик учак менен тартылган. Басылмалардын жазгандарына таянсак, үйдүн чатырында бассейн жайгашат. Ал эми үйдүн ичинде спа-борбор, кино көрүүчү зал, түрдүү оюндар орнотулган бөлмө, машыгуучу зал салынат. Уктоочу жана жуунуучу бөлмөлөрдөн сырткары 6 чоң бөлмө куруу пландалган. Үйдүн короосунда дагы бир бассейн жана бир нече автоунаа бата турган чоң гараж салынат.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Fortuna1987
2018-09-26 13:10:10
Иштеп, тиштеп жатышат. Мага сегиз миллион эмес, сегиз мин долларым болсо, уйумду бутуп алат элем. Эххх...
+1
Umakg
2018-09-26 13:41:47
80-мин $ болсо мендагы бутуруп алмакмын буйруса болуп калар биздеда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан