Кара-Сууда жүгөрү талаасына жашынган автоматчан кылмышкер 6 күндөн бери кармала элек

Ош облусунун Кара-Суу районунда милициядан качып, жүгөрү талаасына жашынган автоматчан кылмышкер дале кармала элек. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышкердин изделип жатканына 6 күн болду.

"Кылмышкер кармала элек. Издөө иштери жүрүүдө. Учурда башка маалыматтар жок", - деп кыскача комментарий беришти милициядан.

Эске салсак, 20-сентябрда саат 14:00 чамасында милицияга "издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаевди Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк" деген билдирүү түшкөн. Аталган аймакка милиция кызматкерлери барганда издөөдө жүргөн кылмышкер автоматтан ок чыгарам деп коркутуп изин суутуп кеткен.

Жылдызбек Бекмурзаев өткөн жылы чек араны мыйзамсыз кесип өттү делип Казакстандын аймагынан кармалган. Чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн сот Бекмурзаевди 6 айга эркинен ажыраткан, бирок ал камактан качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Rystambekkg
2018-09-26 14:15:49
Жугоруну оргондо табылар
+5
titanik32
2018-09-26 14:35:52
Койгула эми баарыңар издеп убара болбогула.Эми биротоло жаз келип жер айдаганда таап аласыңар.Ушунчаң жүрүп ошону кармай албапсыңар,анда башка ишти айтбай эле коеюн.
+8
Umakg
2018-09-26 15:05:53
Кантип эле тапайт издесе табабы резултат жок окшойт иштегендерде
+3
patiydin
2018-09-26 15:18:27
Милициягада Жан керек! Кылмышкердин колунда автомат баааааарррррр.
+2
Asyl10
2018-09-26 15:34:13
Ой тообоо 6 кундон бери килейген облустук милиция башкармалыгы бир кылмышкерди кармай албай журот дегени эмнеси? Кулкунду келтирет да :-) Качып кетиптир деп эле ачык айтышпайбы. Кармай албадык, туну менен качып кетип,белгисиз болуп жатаат деп. 6 кундон бери ал жугору талаасында тезек терип журмок беле, ачка, ысык тамак жебей, талаада жатмак беле, кеткен качан эле качып. Маалыматты окуп, шылдындап отурат да.Эми ото деле коркунучтуу кылмышкер эмес экен,издебей эле койгулачы убараланып.
+3
bond02
2018-09-26 19:43:03
6кундо таппасанар анда 60кундо да таппайсынар.
+1
Sezim.A
2018-09-26 21:49:16
Зато жугоруну кайтарып жатышат,азаматтар.
+2
Nurais
2018-09-27 08:34:44
Милициялардын жандары ширин болуп издегенден коркуп отурушатда. Ал кылмышкер давно эле качып кеткен болсо керек эртең менен кечкисин суук болтат 6 күн ошол жүгөрүнүн арасында отурмак беле.
0
Eli.91
2018-09-27 08:35:09
Андайды табылбады деп отурбай айлантып орт коюш керек чыкбаганын королучу ошондо дагы.
0
Muratmipa
2018-09-27 10:48:25
Нак орустар айтмакчы кукруз охранаем что ли болуп турго бул жагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан